Орусиянын президенти Владимир Путин Дональд Трамптын орус-украин согушун токтотуу үчүн сүйлөшүүлөрдүн зарылчылыгы тууралуу сөздөрүнө комментарий берди. Анын айтымында, эгерде ал акыркы төрт жылда АКШнын президенти болгондо, Украинага толук масштабдуу басып кирбей калышы мүмкүн эле.
"Орусия АКШнын администрациясы менен байланышты улантуудан эч качан баш тарткан эмес. Ал эми мурунку администрация бул байланыштардан баш тартканы биздин күнөөбүз эмес. Мен АКШнын азыркы президенти менен ар дайым иштиктүү, бирок ошол эле учурда прагматикалык, ишеничтүү мамиледе болчумун. Анын жеңиши 2020-жылы уурдалып кетпегенде, ал президент болгондо, балким мындай кризис болмок эмес деген пикирине кошулбай коё албайм", - деди Путин "Россия" телеканалына курган маегинде.
Трамп менен жеке жолугушуу мүмкүнчүлүгү тууралуу сөз кылган орус президенти Москва сүйлөшүүлөргө даяр экенин баса белгиледи. Бирок "акыркы чечим Вашингтондо кала берет" дейт ал.
Путин ошондой эле Украинанын президенти Владимир Зеленский орус жетекчилиги менен ар кандай сүйлөшүүлөргө тыюу салган жарлык чыгаргандыктан, Киев менен сүйлөшүүлөрдүн мыйзамдуу мүмкүндүгү суроо астында калганын белгиледи.
"Эгерде тыюу салынса, сүйлөшүүлөрдү кантип кайра баштоого болот? Эгерде сүйлөшүүлөр азыркы ченемдик-укуктук базанын алкагында башталса, анда алар, катуу айтканда, легитимсиз болуп калат, демек, алардын жыйынтыгы да ошондой болот", - деди орус лидери.
Буга чейин Дональд Трамп согушту токтотуу үчүн жакын арада Владимир Путин менен жолугушууну кааларын билдирген. Трамп Сауд Арабия менен ОПЕК өлкөлөрүн (мунай өндүрүүчү өлкөлөрдүн бирикмеси) мунайдын баасын төмөндөтүүгө чакырып, бул чыр-чатактын дароотбүтүшүнө алып келерин айтты. Ошондой эле ал эгер жакын арада тынчтык келишимине жетишилбесе, Орусия АКШга жана башка өлкөлөргө саткан бардык нерсеге жогорку тарифтерди жана санкцияларды киргизээрин айткан.