Ош шаарынын мэрлик кызматына талапкерлер кыргыз тили боюнча сынак тапшырышууда

Бүгүн, 8-январда Ош шаардык мэриясында Ош шаарынын башчылыгына талапкерлигин көрсөткөн жарандарды кыргыз тили боюнча сынактан өткөрүү башталды. 

Биринчилерден болуп сынакка кирген талапкер Айтмамат Кадырбаев өз платформасын жазууда. 

Сынактын шарты боюнча эки талапкер тең комиссиянын алдында өз платформасын жазып, аны кыргыз тилинде баяндап бериши керек. Андан соң комиссия тарабынан берилген кыргыз тилиндеги текстти окушат жана алардын берген суроолоруна жооп берүүлөрү шарт.

Эске сала кетсек, Ош шаарынын мэрлигине «Ынтымак жана адилет» көпчүлүк коалициясынан Айтмамат Кадырбаев жана «Улуттар биримдиги» фракциясынан экс-мэр Мелис Мырзакматов ат салышууда. Шайлоо 15-январга белгиленген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан