Сириянын өткөөл мезгилдеги президенти болуп “Хаят Тахрир аш-Шам” тобунун лидери Ахмед аль-Шараа (Абу Мухаммад аль-Жулани) жарыяланды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Аль-Шараа ошондой эле өлкөнүн жаңы Конституциясы кабыл алынганга чейин иштей турган убактылуу мыйзам чыгаруу кеңешин түзөт.
Мындан тышкары Сириянын жаңы бийликтери армия менен коопсуздук кызматтарын таркатышты. Алардын ордуна жарандардын коопсуздугун камсыздаган жаңы түзүлүш пайда болот.
Ага улай 1963-жылы Сирияда бийликке келген "Араб социалисттик кайра жаралуу партиясын" таратты. 2000-жылдан бери Башар Асад анын баш катчысы болуп келген.
Белгилей кетсек, сириялык оппозиция 2024-жылдын 8-декабрында Дамаскты көзөмөлгө алып, мамлекеттик телеканалдын башкы кеңсесин басып алышкан. Андан соң Башар Асаддын 24 жылдык авторитардык башкаруусу аяктаганы кабарланган. Бул арада өлкөдөн чыгып кеткен мамлекет башчысы Орусиядан башпаанек алгандыгы айтылган. Бул арада оппозиция лидери Ахмед аль-Шараа өлкөнүн иш жүзүндө лидери, Мухаммед аль-Башир өкмөт башчынын милдетин аткаруучусу болгон.