Бишкекти суу каптоодон сактоо үчүн 5 техника, 3000 кап кум камдалды

Бишкек шаарында жана шаардын чет жакасында Ала-Арча суусунун ашып кетүүсүнө жол бербөө үчүн 5 атайын техника жана 3000 кап кум даярдалды. Муну 8-январда мэриянын маалымат кызматы билдирди. Шаарды аралап өткөн аталган дарыянын узундугу 12 чакырымды түзөт. Эң кооптуу делген жерлери суу нугунун Жибек Жолу, Рыскулов жана Малдыбаев көчөлөрү менен кесилишкен бөлүгү.

Өткөн жылдын жай айларында мэрия тарабынан суу каналын тазалоо боюнча иш-чаралар иштелип чыккан жана тазалоо иштерине шаардык кызматтардын бардыгы катышкан. Азыркы учурда суунун агымын көзөмөлдөө боюнча иш-чаралар улантылууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан