Шайлообек Атазовдун соту белгисиз себептерден улам жылууда

Ош шаардык кеңешинин депутаты Шайлообек Атазовдун иши бүгүн Ош облустук сотунда эртең мененки саат 10:00дө каралмак. Эртең менен эрте Ош облустук сотунун алдына Ш.Атазовдун 100дөн ашуун жактоочусу келген. Белгисиз себептерден улам иш процесси саат 14:00гө жылдырылган болчу. 

Саат 14:00дө боло турган соттук отурумга Шайлообек Атазов келген жок. Анын себебин жактоочусу Авазбек Мирзаев ден соолугу начарлап ооруканада жаткандыгын айтып түшүндүрдү. Жыйынтыгында "Атазовду дарылап жаткан дарыгер сотко келип түшүндүрмө берсин" деген чечим менен сот процесси 16:30да улана турган болду. 

Сот ачык деп жарыяланганы менен, судьялар журналисттердин соттук отурумга катышуусуна уруксат бербей жатышат.

Эске салсак, 2013-жылдын 29-ноябрында Ош шаардык соту шаардык кеңештин "Улуттар биримдиги" фракциясынын депутаты, шаардык транспорт башкармалыгынын башчысы, кикбоксинг боюнча дүйнөнүн жана Кыргызстандын 5 жолку чемпиону  Шайлообек Атазовду 1 жылга шарттуу түрдө эркинен ажыраткан. Ага өзү жетектеген ишкананын мурунку жетекчиси чыгарган чечимди аткаргандыгы үчүн айып тагышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан