Ош шаарынын мэрлигине талапкер Айтмамат Кадырбаев бүгүн, 8-январда кыргыз тили боюнча сынак тапшырды. Талапкер шайлоо алдындагы программасын жазуу жүзүндө баяндап, Ч.Айтматовдун чыгармасынан үзүндү окуп берди. Жыйынтыгында комиссиянын 7 мүчөсү тең Кадырбаевди “кыргыз тилин билет” деп тапты.
Эскерте кетсек, Кадырбаев шаардык кеңештеги коалициялык көпчүлүктүн атынан шайлоого аттанууда. Ал эми оппозициядан Оштун мурдагы мэри Мелис Мырзакматов шайлоого катышат.