Жантөрө Сатыбалдиев: "Өлкөнүн биримдиктерге кирүүсү Кыргызстандын экономикалык кызыкчылыгына жооп бериши керек"

Бүгүн, 8-январда КРнын Премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиевдин катышуусунда өкмөттүк аппараттын чогулушу болуп өттү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. 

Анда өкмөт башчы 2013-жылдын жыйынтыгына токтолуп, вице-премьер-министрлер менен өкмөттүк аппараттын өкүлдөрүнө 2014-жылда аткарылуучу иштер тууралуу айтты. 

Анын айтымында, 2014-жылы Кыргызстан үчүн приоритеттүү багыттардын бири Бажы биримдигине кирүү болуп эсептелет. Премьер-министр "Эгерде биримдиктерге кирүү өлкөнүн экономикалык кызыкчылыктарына жооп берсе, анда  Кыргызстан каалаган биримдикке кирет" деп баса белгиледи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан