Ош шаарынын мэрлигине талапкер Мелис Мырзакматов кыргыз тили боюнча комиссияга сынак тапшырды. Мырзакматов шаарды өнүктүрүү боюнча программасы, коопсуздук, экономиканы өнүктүрүү маселелери менен комиссия мүчөлөрүн тааныштырды. Жыйынтыгында талапкер “кыргыз тилин жетиштүү деңгээлде билет” деп табылды.
Эскерте кетсек, бүгүн, 8-январда талапкерлердин документтерин кабыл алуу аяктайт. Мэр шайлоо 15-январда өтмөкчү.