Ош шаарынын мэрлигине талапкер Айтмамат Кадырбаев бүгүн, 8-январда кыргыз тили боюнча сынак тапшырып, комиссия мүчөлөрүнүн мыкты баасына арзыды.
Сынактан соң Айтмамат Кадырбаевге "Өзүңүзгө кандай баа бердиңиз?" деген суроо узатсам, ал: "Кыргызстандын атуулу катары баарыбыз эне тилибизди мыкты билишибиз керек. Сынактын жүрүшүндө менде эч кандай коркуу сезими болгон жок. Чыңгыз Айтматовдун чыгармасын көркөм окуп бердим",- деген жообун узатты.
Эскерте кетсек, Кадырбаев Ош шаардык кеңешиндеги коалициялык көпчүлүктүн атынан Ош шаарынын мэрлигине аттанууда. Шайлоо 15-январда болот.