Тоо иштери жана тоо технологиялары институтунун ректору болуп Акылбек Маралбаев дайындалды. Бул туурасында аталган окуу жайдын басма сөз кызматы бүгүн, 8-январда билдирди.
Маалыматка караганда, ректорлук кызматка сынак 2013-жылдын 26-декабрында өткөрүлгөн.
Акылбек Маралбаев буга чейин бир катар жетекчилик кызматтарды аркалап келген.
2004-жылдан 2008-жылга чейин академик Ү.Асаналиев атындагы Тоо иштери жана технологиялар институтунун геологиялык чалгындоо факультетинин деканы;
2008-жылдан 2010-жылга чейин аталган институттун жетекчисинин окуу иштери боюнча орун басары;
2010-жылдан баштап 2013-жылга чейин ушул эле институттун чалгындоо факультетинин деканы;
2013-жылы Мамлекеттик геология жана минералдык ресурстар агенттигинин жетекчисинин орун басары.