АКШ Украинага курал-жарак жеткирүүнү кайра баштады. Трамп буга түшүндүрмө берди

АКШдан Украинага курал-жарак жеткирүү бир азга токтоп, бирок өткөн апта соңунда кайра жанданды. Бул тууралуу Reuters агенттиги жазды.

Бул убактылуу токтотуу Трамп администрациясынын Киевге карата позициясы тууралуу саясий талкуулардан улам келип чыккан.

Американын президенти Дональд Трамп кечээ, 3-февралда эгер Украина АКШны сейрек кездешүүчү металлдар менен камсыздоону убада кылса, бул өлкөгө жардам улана турганын билдирди. Бул тууралуу мурда Владимир Зеленскийдин “жеңиш планында” айтылган.

"Биз Украинага аларда өтө баалуу сейрек кездешүүчү металлдар бар экенин айтып жатабыз. Биз Украина менен келишим түзүүнү каалайбыз. Келишимде Украина сейрек кездешүүчү металлдарын бизге берет, биз аларга жардам көрсөтүүнү улантабыз", - деген Трамп.

Декабрда Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров америкалык журналист Такер Карлсонго берген маегинде Кошмо Штаттары Украинанын жаратылыш байлыктарын тартып алууну көздөп жатканын билдирген. Өз кезегинде Украина аларды АКШга берүүгө даяр.

Сейрек кездешүүчү металлдар – бул электрдик унаалар, уюлдук телефондор жана башка электроника үчүн энергияны кыймылга айландыруучу магниттерди жасоо үчүн колдонулган 17 металлдан турган аралашма металл.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан