Өлкө башчы Садыр Жапаров Кытайга мамлекеттик сапардын алдында Кытайдын алдыңкы "Синьхуа" маалымат агенттигине эксклюзивдүү маек курду.
Анда мамлекет башчысы кыргыз-кытай кызматташтыгынын негизги аспектилерине, эки тараптуу өз ара аракеттенүүнүн келечектүү багыттарына жана эки өлкөнүн ортосундагы стратегиялык өнөктөштүккө кеңири токтолду.
Президент саясий диалогду чыңдоого, соода-экономикалык байланыштарды өнүктүрүүгө жана маданий-гуманитардык алмашууларды кеңейтүүгө багытталган алдыдагы сапардын өзгөчө маанисин баса белгиледи.
Садыр Жапаровдун "Синьхуа" басылмасына берген маегин шилтеме аркылуу өтүп, окуй аласыз.