Марат Бакиевдин Минскидеги сүрөттөрү жарыяланды

КРнын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин башчысынын экс-орун басары Марат Бакиевге тиешелүү сүрөттөрдү бүгүн, 8-январда Кыргызстандын маалымат каражаттары жарыялады.  

Жарыяланган сүрөттөрдө Марат Бакиев уулу менен "Black Doors" ресторанында эс алып жаткан учуру жана анын эс алуу клубу чагылдырылган. 

Маалыматка ылайык, анын клубу 2012-жылдын жай мезгилинен күзгө чейин гана иштеген. Ошондой эле маалыматта аталган жай Марат Бакиевдин экинчи аялы Инна Меняйлованын наамына катталгандыгы жана кипрдик "Fairy Tale Holdings" компаниясы аркылуу ачылгандыгы жазылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан