Ош шаарынын мэрлигине талапкер М.Мырзакматов: "Ош шаардык кеңешинин төрагасын шайлоодо регламент бузулду"

Бүгүн, 8-январда Ош шаарынын экс-мэри Мелисбек Мырзакматов мамлекеттик тил боюнча сынак тапшырып чыкты. Сынактан соң журналисттердин бир катар суроолоруна жооп берди. Суроо-жооп алышуу учурунда ал бүгүнкү төрагалык шайлоонун регламенти бузулгандыгы тууралуу да айтып өттү. 

"Шаардык кеңештин регламентинде жыйын саат 10.00дө башталат деп көрсөтүлгөн. Ага карабастан, себепсиз эле саат 9да баштап жиберишиптир. Мындан тышкары шаардык кеңештин төрагасы кезексиз жыйында эмес, кезектеги отурумда гана шайлана алат. Булар бүгүн кезексиз жыйында шайлап коюшту",- деп билдирди Мелисбек Мырзакматов.

Ошондой эле ал Ош шаардык кеңешинин экс-төрагасы, «Улуттар биримдиги» партиясынын депутаты Таалай Сабировдун Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин жетекчисинин орун басары болуп дайындалышына ою түз экенин билдирди. "Т.Сабировдун аталган кызматка барышы "Улуттар биримдиги" партиясынын саясий кеңешинде каралган. Партия анын бул кызматка барышына колдоо көрсөткөн",- деп кошумчалады.

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан