Бүгүн, 8-январда КРнын Премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиевдин катышуусунда өкмөттүк аппараттын чогулушу болуп өттү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Анда өкмөт башчы жарандардын кайрылуусу боюнча аткарылган иштердин жетишсиздигин айтты. “Жарандардын каты, арызы жана кайрылууларына өзгөчө көңүл бурулуусу керек. Учурда бул иш бийликтин борбордогу органдарында гана ишке ашып жатат. Алыскы аймактарда, айылдарда жарандар менен иштешүү дегенди унутуп калышканбы?”,- деди премьер-министр.
Анын айтымында, аймактардагы өкүлчүлүктөр маселелерди чечүүдөгү укуктардын жетишсиздигин шылтоолоп каттарды Бишкекке жөнөтүшүүдө. Ушул маселе боюнча токтолгон өкмөт башчы “башкаруу системин жакшыртуу керек. Мен бир нече жолу жер-жерлердеги жетекчилер менен бул боюнча сүйлөшкөм. Маселелер өткөн жылы жөнгө салынса болмок. Бирок өкмөттүн тийиштүү бөлүмү бул багытта жакшы иш алып барган жок” деп кошумчалады.