Түрмөдөгү Куандык Бишимбаев сотко кайрылды

Коңшу Казакстандын мурдагы улуттук экономика министри Куандык Бишимбаев сотко кайрылды. Бул тууралуу казакстандык басылмалар жазышты.

Анын сотко кайрылышына мекеме жетекчилиги тарабынан аша атайын макам берилбегени себеп болгон.

Казакстандын Жаза аткаруу комитетинин басма сөз кызматы билдиргендей, колдонуудагы мыйзамдарга ылайык, жаза өтөө тартибин бузган соттолгондорго карата сыйлоо чаралары колдонулбайт.

"Бул соттолгон жарандын бир мыйзам бузуусу бар экенин эске алуу менен ага карата эч кандай сыйлоо чарасы колдонулган жок", - деп билдирген аталган комитет.

Ошол эле учурда Бишимбаев кандай мыйзам бузууга барганы айтылган жок.

Эске салсак, былтыр, 13-майда Астана шаарында жубайы Салтанат Нукенованы кыйнап, мыкаачылык менен өлтүргөн делген Куандык Бишимбаевдин резонанстуу иши боюнча соттук отурум аяктап, судья мурдагы министрди 24 жылга эркинен ажыраткан.

Бишимбаев Астанадагы СИЗОдон жазасын өтөп жаткан жерге которулган. Ал өндүрүштө жумушка орношсо түрмөдө канча айлык ала алары дагы айтылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан