Бишкек шаардык кеңешиндеги “Ата Мекен” фракциясы борбор шаардын мэрлигине талапкер чыгарбайт. Муну аталган фракциянын катчылыгынан билдиришти. Талапкер чыгарбоого фракцияда 7 гана мандат бар экендиги себеп болду. Мэр боло турган талапкер шаардык кеңештеги 45 депутаттын 23төн ашыгынын добушун алышы шарт.
Эскерте кетсек, талапкерлердин документтерин кабыл алуу бүгүн саат 18:00дө токтойт. Шайлоо 15-январда өтүп, Ош жана Бишкек шаарларынын жаңы башчылары белгилүү болот.