КРнын Экономика министри Темир Сариев Кытай Эл Республикасынын Шэньси провинциясынын вице-губернатору Жуан Чансин жетектеген делегация менен жолукту. Бул туурасында аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, жолугушууда энергетика, тоо-кен жана жеңил өнөр жайы, айыл чарба азыктарын кайра иштетүү, туризмди өнүктүрүү тармактарында эки тараптуу кызматташтык маселелери талкууланды.
Ошондой эле Кыргызстандын Кара-Балта шаарындагы мунайды кайра иштетүүчү “Жунда” заводун тезирээк ишке киргизүү маселесин талкуулашты.