Бириккен Улуттар Уюму АКШнын президенти Дональд Трамптын Эл аралык кылмыш сотунун (ICC) кызматкерлерине каршы санкция киргизүү чечимине тынчсыздануусун билдирди.
БУУнун Адам укуктары боюнча Жогорку комиссарлыгынын кеңсеси (OHCHR) Эл аралык кылмыш сотунун көз карандысыз ишин толугу менен колдой турганын" жана бул органды эл аралык сот адилеттигинин борбордук институту деп эсептей турганын билдирди.
"Биз Эл аралык кылмыш сотунун кызматкерлерине каршы жарыяланган жеке санкцияларга терең тынчсыздануубузду билдиребиз. Биз бул чараны алып салууну талап кылабыз”, - деп баса белгиледи БУУ.
ICC Украинада, Суданда, Мьянмада, оккупацияланган Палестина аймактарында жана башка жерлерде жасалган оор кылмыштар үчүн адилеттикти жана жоопкерчиликти камсыз кылууда негизги ролду ойнойт.
ICC мурда 125 мүчө мамлекетти, жарандык коомду жана дүйнө жүзүндөгү бардык өлкөлөрдү эл аралык мыйзам үстөмдүгүн жана негизги адам укуктарын коргоо үчүн биригүүгө чакырган.
Былтыр 21-ноябрда Эл аралык кылмыш соту Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху менен мурдагы коргоо министри Йоав Галантты Газа тилкесинде согуш кылмыштары үчүн айыптап, камакка алууга ордер берген.
Буга жооп кылып, АКШ президенти Дональд Трамп сотту бир тараптуулук жана мыйзамсыз кийлигишүү үчүн айыптап, Гаагага каршы санкцияларды киргизүү тууралуу буйрукка кол койду.
Трамп АКШ менен Израил Рим статутунун тараптары эмес экенин жана Гаага сотунун юрисдикциясын эч качан тааныбаганын эске салды.
Бул АКШнын Гаагага каршы биринчи жолу санкция киргизиши эмес. Биринчи президенттик мөөнөтүндө Трамп Ооганстандагы америкалык аскерлердин согуш кылмыштарын иликтеген прокурор Фату Бенсудага чектөөлөрдү киргизген.