Билим берүү жана илим министринин кеңешчиси болуп Азамат Найманбаев дайындалды. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, ал аталган кызматка кечээ, 10-февралда дайындалган. Найманбаев буга чейин Кыргызстан эл аралык университетинин биринчи проректору болуп иштеген.