Бүгүн, 13-февралда Жогорку Кеңеш Нурдан Орунтаевди курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри кызмат ордуна дайындоого макулдук берди. Жыйында анын талапкерлигин 75 депутат бир добуштан колдоду.
Президент Садыр Жапаров 11-февралда Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигин Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги кылып өзгөрткөн.
Мамлекет башчысы министрдин милдетин аткарууга аталган агенттиктин жетекчиси Нурдан Орунтаевди дайындаган.