Орусиянын эл аралык авиакаттамдары жүргүнчүлөр үчүн катуу эрежелерди киргизди

Орусиянын эл аралык аэропортторунда колго көтөргөн жүк менен суюк түрүндөгү дары, атыр жана чачка сыйпаган гель, крем, сүрөт тартуучу боёкторду алып жүрүүгө тыюу салынды. Бул тууралуу 8-январда орусиялык маалымат каражаттары жана Шереметьево аба майданынын расмий сайты жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Сочиде келерки айда өтө турган Олимпиада оюндарынын алдындагы коопсуздук чараларын күчөтүү аракетинде Шереметьево жана Внуково аба бекеттери атыр, боёк, клей, гель сыяктуу суюк каражаттарды жүргүнчүнүн өзү менен алып жүрүүсүнө чектөө киргизди. Аталган каражаттарды тапшырылган жүк менен кошо жиберсе болот. Ал эми суюк дарыны дарыгердин атайын кагазы менен гана алып жүрүү мүмкүн.
Белгилей кетсек, буга чейин жүргүнчүлөр учакка өзү менен кошо 100 граммга чейин суюктук алып кире алчу. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан