Абхазияда президенттик шайлоонун бир да талапкери керектүү добуш ала албады

Абхазияда президенттик шайлоо кайра өтөт. Бул туурасында чет элдик басылмалар жазышууда.

“Президенттик шайлоодо бир дагы талапкер көпчүлүк добушту (50% плюс бир добуш) ала алган жок”, - деп билдирди республикалык Борбордук шайлоо комиссиясынын башчысы Дмитрий Маршан.

Кошумчалангандай, жеңүүчү добуш берүүнүн экинчи айлампасында аныкталат. Ага бул ирет эң көп добуш алган эки талапкер: Адгур Ардзинба (37% добуш алды) жана Бадра Гунба (46%) катышат.

Ал эми калган үч талапкер 1 пайыздан 7 пайызга чейин добуш алды. Өнөктүккө шайлоочулардын 69 пайызы катышкан. Экинчи тур 1-мартта өтөт.

Белгилей кетсек, Белгилей кетсек, 11-ноябрда Абхазияда оппозициянын өкүлдөрүн Мамлекеттик коопсуздук кызматынын кызматкерлери кармап кеткенден кийин массалык башаламандыктар башталган. Митингчилер президенттин жана өкмөттүн имараттарын басып алып, өлкө башчысын кызматтан кетишин талап кылышкан. Андан соң Абхазиянын кызматтан кеткен президенти Аслан Бжания республикадан чыгып кеткен. Андан соң мөөнөтүнөн мурда шайлоо дайындалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан