Калифорнияда окуган кыргыз кызы Тавита Менаше: "Тоолор жок жерде жашай албайт окшойм" (маек)

SUPER.KG порталынын "Ийгилик жаратууга дем берген кыргыз жаштары" рубрикасынын кезектеги чыгарылышында Калифорнияда билим алып жаткан мекендешибиз Тавита Менаше менен маектештик.

Мекендешибиз IT ааламындагы дөө-шаа компаниялардын штаб-квартиралары жайгашкан АКШнын Кремний өрөөнүнүн чок ортосунда орун алган окуу жайда билим алууда.

Тавита Менаше 2001-жылы Бишкек шаарында төрөлгөн. Үй-бүлөдө 5 бир туугандын үчүнчүсү. Борбордогу №48 мектеп-гимназиясын аяктаган. Учурда Калифорниядагы Сан-Хосе штаттык университетинде (San Jose State University) бакалавр боюнча билим алып жатат.

"Аты-жөнүм башкача болгону менен, нукура кыргызмын" деген мекендешибиз "мекенимдин өнүгүшүнө чоң салым кошкум келет" дейт.

Маектин жүрүшүндө мекендешибиз IT тармагына алгачкы кадамы, максаттары, билим сапары тууралуу сөз кылып, чет өлкөдө окугусу келген замандаштарына кеңеш берип өттү.

— Тавита, саламатсызбы? Учурда кайсы тармакта билип алып жатасыз? Эмне үчүн аталган тармакты тандап алгансыз?

Учурда IT тармагында (Computer Science) окуп жатам. Мектепти бүткөндөн кийин "Programmer Aiymdar" долбоорунда катышып, программист болуп иштеп баштадым. Бул долбоордо 40 кыз программалоо, ишкердик, графикалык дизайн жана англис тили боюнча 9 ай бою билим алганбыз. Кыргызстандын ар кайсы аймактарындагы эң прогрессивдүү, жигердүү кыздар чогулуп, программалоону үйрөндүк.

"Programmer Aiymdar" менин жашоомо чоң жакшы өзгөрүүлөрдү алып келди. Долбоордо өзүмдүн ой жүгүртүүм менен иштеп, чоң максаттарды коюуну жана кыялданууну үйрөндүм. Ошондо 17 жашымда чөйрөнүн бизге таасири абдан чоң экенин түшүндүм. Туура чөйрөнү тандап, ой жүгүртүүнү жана жашооңду өзгөртсө болоруна ынандым.

Андан соң кыргыз финтех компанияга кирип "Frontend Developer" болуп иштеп баштадым. 1,5 жылдан кийин украиналык компанияга өтүп жана ар кандай чет өлкөлүк компанияларда аралыктан иштеп жүрдүм. Ошол кезде бир нече өлкөлөргө саякаттап, ар кандай спорт түрлөрүн, хоббилерди сынап көрдүм. Өзүмдү изилдедим жана ошол эле учурда онлайн иштеп жаттым.

Менимче, ар бир программисттин кыялы – бул Google, Microsoft, Meta сыяктуу чоң корпорацияларда иштөө болсо керек. Мен да ошондой компанияларда иштейм деп кыялданчумун. Бул ири корпорациялар Калифорниядагы Кремний өрөөнүндө (Silicon Valley) жайгашкан.

Бирок мектепти бүткөнүмө 5 жыл болгондон кийин Кремний өрөөнүнүн жүрөгүндө жайгашкан университетке тапшырдым. Себеби өспүрүм кезимде ар дайым дүйнөнү көргүм келип, саякаттап, көптөгөн өлкөлөргө барып, билим алууну кыялдангам. Студенттик кызыктуу жана активдүү жашоону көрүп, таанып-билгим келчү. Менин оюмча, университет студенттик активдүү жашоону жана билим берүүдөн тышкары, жашоодогу маанилүү эки негизги көндүмдү да үйрөтөт:

  • Биринчиси — үйрөнүүнү үйрөтөт. Анткени биз өмүр бою жаңы нерселерди үйрөнүп турабыз, ошондуктан бул көндүм абдан маанилүү.
  • Экинчиси — туура коммуникацияны: профессорлор, студенттер жана жалпы эле адамдар менен тил табышууну, баарлашууну, командада иштөөнү.

Бул билим биздин заманыбызда кайсы гана тармак болбосун керек болот. Анан эмнеге IT? Анткени өзүмдүн тармагымда эксперт болууну каалайм. Ооба, менде программист катары тажрыйбам бар, бирок мен көндүмдөрүмдү, билимимди өркүндөтүп, тереңирээк үйрөнгүм келет.

— Эң сонун, чет өлкөдөгү билим сапарыңыз кандайча башталды? Ал үчүн канча убакыт сарптадыңыз, кимдерден кеп-кеңеш алдыңыз?

Чет өлкөдөгү билим сапарым оңой болгон жок. Мектепти бүткөнүмө 5 жыл өтүп кеткени үчүн документтерим жоголуп, мектепке жоголгон аттестат боюнча арыз жазууга туура келди. Ошентип документтерге 4 ай чуркагам. Бирок бардык аракеттерим текке кеткен жок, мени кабыл алышты. Атүгүл кечигип, документ тапшыруунун акыркы мөөнөтүн өткөрүп жиберсем да. Божомолдоп визага даярдануу менен 6-8 айда университеттке өттүм. Ар кандай адамдардан кеңеш сурап, изилдеп, анан, албетте, жасалма интеллект ChatGPT досум экөөбүз маалымат чогултуп окууга өттүк (күлүп).

Мага окшоп чет өлкөгө окууга тапшырам дегендерге бир-эки кеңеш бере кетейин. Эгер бирдемени билбей жатсаңыз, сураңыз. Адамдар жана жасалма интеллект ар дайым жардам бергиси келет. Мен 5-6 адам менен баарлашып, сураштырып, чет өлкөдөгү окуу жөнүндө эч нерсени билбей туруп окууга өттүм.

— Пайдалуу маалымат болду. Дайыма бир нече хоббилер менен алектенесизби же улам убакыт өткөн сайын аларды алмаштырып турасызбы? Сурайын дегеним, хоббилериңизде туруктуулук барбы?

Мен абдан изденгич, талап коё билген адаммын. Ар дайым жаңы, кызыктуу, татаал нерселерди сынап көргүм келет. Ошондуктан мектепти бүтүргөндөн бери бүгүнкү күнгө чейин көптөгөн хоббилерди жана спорт түрлөрүн сынап көрдүм. Алсак, атты минип трюктарды жасоо (жигитовка) менен машыктым. Улуттук ат оюндарында, кыз куумайга да түштүм. Бий, ар кандай күч машыгуулары, чуркоо, йога менен алектендим. Узун дистанцияларга команда менен чуркадым. Тоолорго көп чыктым, хайкинг/треккинг (тоодо жөө жүрүү жана узак аралыкты басып өтүү) менен машыктым.

Ошондой эле чокуларды багындыруу менин эң сүйүктүү хоббилеримдин бири болду. Калифорнияда жашаганыма абдан ыраазымын. Анткени бул жерде хайкинг эң популярдуу спорт түрлөрүнүн бири. Бул жерде да Кыргызстандагыдай тоолор жана дөңсөөлөр бар. Тоолор жок жерде жашай албайт окшойм. Мен үчүн спорт дайыма туруктуу бойдон калат, бирок хоббилерим, спорттун түрлөрү алмашып турат.

— Жакшы жооп болду. Ал эми мотивацияңыз жок калган учурда ордуңуздан туруп алдыга жылууга эмне же ким таасир берет? Же мындай учур сизге тааныш эмеспи?

Албетте, менде да кээде күңүрт күндөр болот. Эмне кылышты билбей, же менталдык тузактан улам бир нерсени жасай албай калган учурларым кездешет. Мындай учурларда мени эң күчтүү колдогон адамдар — менин сүйүктүү эжелерим Ави жана Суламита, ата-энем жана жакын курбуларым Айгүл менен Бермет. Алардын колдоосу мени кайра жашоого кайтарат. Мен өзүмдү кайрадан жандуу жана энергиялуу сезем. Эгер алар болбосо жашоодогу кыйынчылыктарды кантип жеңип чыкмакмын, билбейм. Ошондой эле лайф-коуч жана менторлор менен иштейм. Ай сайын жеке сессиялар жана жолугушуулар өткөрүлөт. Бул мага дагы да өсүп-өнүгүүгө жардам берет.

— Интернет баракчаңыздагы маалыматка караганда, ишкерлик менен дагы алектенген экенсиз. Эмнеден улам баштап калдыңыз эле?

Ооба, Бишкекте жүргөнүмдө ишкердик менен алектенгем. Өзүмдүн кичинекей бизнесимди кызыгуудан улам баштагам. Жакын курбум спорт кийим бренд ачып, мени да шыктандырды. Анан дагы мен ар дайым өз ишимди жүргүзүүнү кыялданчумун жана “эмне үчүн жөн гана аракет кылып көрбөйм?” деп ойлодум.

Бизнес – бул абдан кызыктуу жана сонун нерсе. Креативдүүлүгүңдү колдонуп, бир нерселерди жаратып, ойлоп таап, чексиз көйгөйлөрдү чечесиң жана көйгөйлөрдү чечүү көндүмдөрүңдү өркүндөтөсүң. Бизнести баштагандан бир нече ай өткөн соң виза алып, окууга келе бердим. Азыркы учурда менин негизги максатым — Америкада билим алуу. Келечекте, албетте, өзүмдүн стартапымды же компаниямды ачам.

— Соцтармактагы баракчаңызда "Эс алуу – бул милдет" деген постуңуз көңүлүмдү бурду. Айрымдар көп жумуш жасаган соң гана эс алуу керек дешсе, айрымдар эс алуудан соң көп жумуш жасоо зарыл деп эсептешет. Кайсынысына кошуласыз? Деги эле кантип эс аласыз?

Мен үчүн эс алуу – бул жоопкерчилик жана милдет. Анткени эс албасам, кийинки иштерим натыйжалуу болбойт. Ошондуктан менин өзүмдүн кызыкчылыгым үчүн сапаттуу, жакшы жана толук кандуу эс алуу маанилүү. Эс алгандан кийин кийинки циклде өндүрүмдүү, натыйжалуу жана эффективдүү иштей алам. Эгер унааны мисал катары алсак, биз аны дайыма күйүүчү май менен камсыз кылабыз го. Эгер күйүүчү май болбосо, унаа жүрбөйт. Ошол эле сыяктуу эле, эс алуу – бул күйүүчү май. Эгер бензин куюлбаса, унааны түртүп жүрүш керек болот. Ошондуктан эс алуу – бул жоопкерчилик жана ар бир адам ага жоопкерчиликтүү мамиле кылышы керек.

Мен эс алганды сүйөм! Тоого (кайра эле баягы хайкинг) же океанга жалгыз барганды жакшы көрөм. Дем алыш күндөрү активдүү өткөргөн жагат, ошондуктан ишемби күнү спорт комплексте машыгып жаткан болом. Бишкекте болсо эң жакшы көргөн эс алуум – ат минүү болчу.

— Өзүңүзгө теңтуш, замандаш болгон кыргыз кыздарына эмнелерди айткыңыз келет?

Замандаш, теңтуштарыма айтарым – кыялданыш керек. Кыялдар орундалат экен, эгер биз өзүбүзгө кыялданууга жана аларды ишке ашырууга уруксат берсек. Глобалдуу, чоң же кичине кыялдарга умтулалы. Окуугуңуз келеби? Анда эч качан билим алууга кеч эмес. Кыялданганды үйрөнгөн соң бир гана нерсе калат – аракет кылуу.

— Эң сонун, кызыктуу маек куруп бергениңиз үчүн чоң рамхат! Окууларыңызга албан ийгиликтерди каалайм!

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан