Ирандык генерал Трамп бийликте мөөнөтү аяктаганча калбашы мүмкүн экенин айтты

АКШ президенти Дональд Трамптын Тегеранга каршы коркутуулары эч кандай натыйжа бербейт. Бул тууралуу Иран армиясынын стратегиялык изилдөөлөр борборунун директору, генерал Ахмад Реза Пурдастан билдирди.

"Трамптын коркутуулары ишке ашпайт. Өлкөнүн куралдуу күчтөрү жогорку даярдыкта жана душманга керектүү коргонуу чараларын көрүүдө", - деп келтирет анын сөздөрүн ТААС агенттиги.

Ал АКШнын жаңы президенти өзүнүн президенттик мөөнөтүн аяктай да албашы мүмкүн экенин, анткени Вашингтондун мамлекеттик карызы чоң көлөмдө экенин айткан.

Буга чейин Трамп Тегеранга кысым көрсөтүү саясатынын алкагында Ирандын мунай экспортун токтотууга жетишүү ниети бар экенин айткан. Ирандын жогорку лидери Али Хаменеи Тегеран АКШнын достукка жатпаган аракеттерине дал өзүндөй жооп кайтарарын эскерткен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан