Бишкек мэриясынын Атаандаштык саясаты боюнча башкармалыгы шаарга көп кабаттуу 2 үй куруу үчүн тендер жарыялайт. Маалыматка таянсак, үйлөр №7-кичи районго жана Туңгуч кичи районуна салынмакчы. Документтерди кабыл алуу 28-январда аяктайт жана тендердин суммасы 315 миллион сом.