8-январда премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев Сауд Арабиянын Тышкы иштер министринин орун басары Халед бин Сауд бин Халед Аль Саудду кабыл алды. Жолугушууда эки мамлекет ортосундагы соода-экономикалык, маданий-гуманитардык байланыштарды өнүктүрүү маселелери талкууланды. Сатыбалдиев араб ишкерлерин өлкөнүн айыл чарбасына, туризмге жана энергетика тармагына каражат салууга чакырды.“Кыргызстан Араб Экономика форумунун алкагында: Араб мамлекеттеринин Лигасы, борбордук Азия, Азербайжан жана башка мамлекеттер аралык экономикалык кызматташтыкты кеңейтүүгө кызыкдар”,- деди премьер-министр. Халед бин Сауд бин Халед Аль Сауд Кыргызстандын туруктуу өнүгүүсү үчүн анын экономикасына инвестиция тартууга даяр экендигин билдирди. “Келечекте алгылыктуу долбоорлор бизди күтүп турат”,- деди ал.