Путиндин ишенимдүү өкүлдөрү АКШ менен сүйлөшүүгө Эр-Риядга учуп келишти (видео)

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров менен президенттин жардамчысы Юрий Ушаков орус-америка сүйлөшүүлөрү өтө турган Сауд Арабиясына барышты. Өкмөттүк учак Эр-Рияд аэропортуна конду. Бул туурасында чет элдик басылмалар жазышты.

Маалымдалгандай, Орусия жана АКШ делегацияларынын жолугушуусу бүгүн, 18-февралда болот. Кремлдин өкүлүнүн айтымында, эртеңки сүйлөшүүлөр Москва менен Вашингтондун ортосунда гана болот, Киевдин өкүлдөрү ага катышпайт.

Белгилей кетсек, буга чейин Эр-Риядда Орусия менен АКШ эки тараптуу мамилелерди калыбына келтирүү, мамлекет башчыларынын деңгээлинде сүйлөшүүлөрдү уюштуруу жана Украинадагы кырдаалды жөнгө салуу процессин баштоону талкуулоо пландалып жаткандыгы басылмаларда айтылган.

Өкмөттүк учак Эр-Рияд аэропортуна конду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан