Зеленский АКШ менен Орусиянын Эр-Рияддагы сүйлөшүүсүн тааныбай тургандыгын айтты

Украина АКШ менен Орусиянын ортосундагы сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгын тааныбайт. Бул туурасында Владимир Зеленский Абу-Дабиден украиналык журналисттер менен болгон онлайн маалымат жыйынында билдиргенин чет элдик басылмалар жазышты.

Маалымдалгандай, анын себеби Украинаны өкүлдөрү жок Орусия менен АКШнын сүйлөшүүсү экендиги айтылды.

“Украина Украинасыз боюнча ар кандай сүйлөшүүлөрдү жыйынтыксыз деп эсептейт. Биздин катышуубуз жок өткөрүлгөн Украинага тийиштүү келишимдерди тааный албайбыз. Ал эми Кошмо Штаттардын эки тараптуу маселелери болсо, буга укугу бар. Чынын айтсам, алар бул тууралуу мурда да айтышкан. Эми гана эл алдында сүйлөй башташты”, - деп айткан журналисттерге Зеленский.

Мындан тышкары Зеленский украин делегациясынын Сауд Арабиясына болгон расмий иш сапары АКШ менен Орусиянын жолугушуусуна тиешеси жок экенин кошумчалады.

"Бул иш сапар Америка Кошмо Штаттарынын жана Орусиянын өкүлдөрүнүн деңгээлинде болуп жаткан окуялар менен эч кандай байланышы жок. Албетте, мен Сауд Арабиясында болгонумда ханзаада Мохаммед бин Салмандан бул тууралуу эмне биле турганын сурайм", - деп кошумчалады Зеленский.

Белгилей кетсек, кечээ, 17-февралда Сауд Арабияга АКШ, Орусия жана Украинанын өкүлдөрү барганы кабарланган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан