Социалдык өнүктүрүү министрлиги 2013-жылы ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендер үчүн 1772 жолдомо берген

Социалдык өнүктүрүү министрлиги 2013-жылы ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендер үчүн 1772 жолдомо берген. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди. 

Жалпысынан республикалык бюджеттен 22,8 миллион сом бөлүнгөн. Жолдомолордун басымдуу бөлүгү 2-топтогу майыптарга – 1052, 1-топтогуларга – 703 жана 3-топтогу ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендер үчүн 17 жолдомо берилген. 

Жалал-Абад облусунан 413 бала эс алып келсе, Баткенден – 270, Ысык-Көлдөн – 245, Чүйдөн – 230, Оштон – 207, Нарындан – 130, Таластан – 55 жана Бишкек шаарынан 222 адам жолдомо алышкан. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан