Кыргызстанда жыл сайын мите ооруларына кабылган 45 миң адам катталат. Бул тууралуу “Кыргызстандын түндүк аймагындагы (Ысык-Көл, Нарын, Талас) мектептер менен ооруканалардагы гигиена жана санитария, таза суунун жетишсиздиги жөнүндө алгачкы баа берүүлөр” аттуу материалда көрсөтүлгөн.
“Айыл жергесиндеги гигиена жана санитария” эл аралык долбоордун алкагында жүргүзүлгөн изилдөөлөрдүн натыйжасында мектеп окуучуларынын 60 пайызы жана мектепке чейинкилердин 50 пайызы ашказандагы мите ооруларына чалдыкканы белгилүү болгон.
Расмий статистика боюнча, эң көп таралган мите оорулары энтеробиоз (79 пайыз), аскаридоз (14 пайыз), гименолепидоз (6 пайыз), эхинококкоз (1,4 пайыз) жана тениоз (0,3 пайыз) эсептелет. Жылына аталган оорудан айыгуу үчүн республика боюнча 100 миң доллар каражат чыгымдалат.