Мандатын тапшырган депутат БШКга барды

Бүгүн, 19-февралдагы Жогорку Кеңештин жыйынында Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөлүгүнө Гүлшаркан Култаеванын талапкерлиги каралды.

Жыйында парламент төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу президенттин жана Министрлер кабинетинин Жогорку Кеңештеги өкүлү Алмас Абытовго Култаеваны тааныштырууну кажети жок экенин белгилеп, анын талапкерлигин кароону суроо-жоопсуз эле добушка коюуну сунуштады. Жыйынтыгында каттоодон өткөн 79 депутаттын 78и колдоду. Каршы бергендер болгон жок.

Эске салсак, кечээ Жогорку Кеңештин депутаты Гүлшаркан Култаева мандатын тапшырганы белгилүү болгон. Анын ордуна Гүлсүнкан Жунушалиева мандат алган. Бүгүнкү жыйында ал ант берди.

БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова 10-февралда БШКнын төрайымы кызматын өз каалоосу менен тапшырган. Анын ордуна Тынчтык Шайназаров шайланган болчу. Андыктан БШКда бир орун бош эле.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан