"Рэкетир 3" тасмасы Кыргызстандын кинотеатрларынан алынды

Коңшу казакстандык чыгармачыл топтун "Рэкетир 3" тасмасы Кыргызстандын кинотеатрларында көрсөтүлбөй турган болду. Бул тууралуу бүгүн, 20-февралда Бишкектеги "Синематика" кинотеатрлар түйүнү социалдык тармактагы баракчаларына жазды.

"Рэкетир" тасмасы Кыргызстандагы бардык кинотеатрлардан алынды. Билеттин акчасын кайтарып алуу үчүн кинотеатрдын администрациясына кайрылгыла", - деп айтылат билдирүүдө.

Бул чечимге эмне себеп болгону ачыкталган эмес.

Белгилей кетсек, "Рэкетир 3" тасмасы Кыргызстанда 20-февралдан тарта көрсөтүлө баштамак.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан