УКМК Баткен облусунун Сүлүктү шаарында ишкерден акча талап кылуу фактысына бөгөт койду.
УКМКнын маалыматына ылайык, 4-ноябрда көмүр казып алуу менен алектенген «К.Р» ЖЧКсынын директору З.М. эки жарандын үстүнөн арыз менен кайрылган.
Арызда Б.А. жана Б.И. аттуу жарандар ишкананын ишмердүүлүгүнө атайылап тоскоолдук жаратуу менен коркутуп, 2,5 миллион сом жана ушундай эле суммадагы көмүр талап кылганы айтылган.
Бул факты боюнча кылмыш иши козголгон. 5-ноябрда арыз ээси тарабынан белгиленген 29 миң доллар берилгенден кийин шектүүлөр ишкананын кеңсесинен кылмыш үстүндө кармалышкан.
Соттун чечими менен Б.И. аттуу жаран камакка алынды.