Бүгүн, 11-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Жаныбек Аматов акыркы окуяларды эске алуу менен Ала-Арча улуттук паркындагы альпинисттик лагерди жана көзөмөлдөө-куткаруу пунктун кайрадан ишке киргизүү сунушун киргизди.
"Тоого чыгууда так система, тартип жана көзөмөл болушу керек деп ойлойм. Саякатка же чокуга чыгууну каалагандар алдын ала каттоодон өтүп, рация, GPS маяк сыяктуу байланыш жана жайгашкан жерин аныктоочу каражаттар менен камсыздалышы зарыл.
Ошондой эле зарыл учурда тажрыйбалуу гиддердин коштоосунда тоого чыгышы керек.
Ар бир туристтин тоого чыккан жана лагерге кайтып келүүгө тийиш болгон убактысы так белгиленип, байланыш үзгүлтүксүз камсыздалышы зарыл деп ойлойм", - деди ал.