Мамлекеттик чек ара кызматында аскердик даярдык боюнча окуулар башталды. Бул туурасында аталган мекеменин басма сөз кызматы бүгүн, 9-январда билдирди.
Маалыматка караганда, мындай иш-чаралар чек ара кызматынын аскердик даярдыгынын деңгээлин көтөрүүгө багытталган.
Ошондой эле чек арачылар Борбордук Азия аймагындагы учурдагы аскердик-саясий кырдаал жана Кыргызстандын социалдык-экономикалык, коомдук өнүгүүсүнүн жыйынтыктары менен таанышышты.