“Каракол” лыжа базасы кышында эс алуучу жайлардын алдынкы катарына кирди

Орусиянын "Forbes" басылмасынын рейтинги боюнча Кыргызстандагы Ысык-Көл облусунда жайгашкан “Каракол” лыжа базасы дүйнөдөгү кышында эс алуучу эң мыкты жайлардын алдынкы 10 катарына кирди. Бул тууралуу бүгүн, 9-январда, КРнын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин туризм департаменти билдирди.

Маалыматка караганда, аталган рейтинг 2013-жылдын 15-мартында жарыяланган. Тизмеге Орусия менен виза боюнча келишим түзгөн өлкөлөр гана киргизилген. Рейтингде Цахкадзор (Армения), Копаоник (Сербия), Кировск (Орусия), Силичи (Беларусь), Чимбулак (Казакстан), Каракол (Кыргызстан), Колашин (Черногория), Домбай (Орусия), Паландокен (Түркия), Буковель (Украина) лыжа тебүүчү жайлары бар.

“Кыргызстандагы "Каракол" лыжа базасынын популярдуулугу жылдан-жылга артып барат. Кардын көптүгүнө карабастан климаты жылуу. Тоолордун 20 чакырымдык трассаларында лыжачылар да, сноубордчулар да тебе алышат. Чет өлкөлөрдөн келген туристтерге керектүү шарттар түзүлгөн” деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан