Баткен. Кадамжай районунда чек арада жайгашкан айылдардагы мектептердин абалы начар

Кадамжай районунун Өзбекстан менен чектеш аймактарындагы айылдардагы орто мектептердин абалы начар. Бул тууралуу Достук орто мектебинин жетекчиси Айнура Турдукулова билдирди. 
"Мисалга алсак, Кадамжай районунун Көк-Талаа айылы Өзбекстандын Фергана району менен чектешет. Айылдагы мектеп бир нече жыл мурун ашар жолу менен курулган. Азырынча китепкана, спортзал, маданий иш-чаралар өтүүчү зал жок. Биз Өзбекстан менен чектеш турабыз. Ортодо 200 метр аралык бар. Окуучуларымдын 30 пайызы өзбек, бирок кыргыз тилинде окушат. Ошондой эле Кыргызстанда жашап, Өзбекстанга барып окугандар бар. Чек арага жакын жайгашкандыктан мектеп көйгөйлөрү көп,"- деди өз сөзүндө Турдукулова. 
Кошумчалай кетсек, Достук мектебинде 200 окуучу билим алат. Кыргыз, өзбек жана тажик улутундагы окуучулар кыргыз тилинде окушат. Бирок айылда Өзбекстанга барып окуган окуучулар да бар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан