Евробиримдиктин кеңеши Украинадагы кырдаалдан улам Орусияга каршы 16 пакеттен турган санкцияларды кабыл алды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Маалымдалгандай, чектөөлөргө 48 жеке жана 35 юридикалык жак камтылган. Мындан тышкары Орусиянын көмүскө флотуна кирген 74 кемеге чектөө киргизилди.
Ошондой эле 13 орус банкын SWIFT эл аралык банк тутумунан ажыратууну чечти. Алардын тизмеси пресс-релизде көрсөтүлгөн эмес. Ага улай орусиялык сегиз маалымат каражаттары Европа биримдигине кирген өлкөлөрдө көрсөтүлбөйт.
Мындан тышкары курал-жарактарга колдонуучу заттарды, кен байлыкты изилдөөчү жабдыктарды чыгаруучу заводдор да чектөөгө алынды.