2014-жылы Кыргызстан коңшу Өзбекстан өлкөсүнөн 200 миң тонна минералдык жер семирткич импорттоону болжоп жатат. Анын 120 миң тоннасы аммиак селитрасы, 60 миң тонна карбамид жана 20 миң тонна аммоний сульфаты.
Маалыматка караганда, Кыргызстандын жер семирткичтерге болгон керектөөсү жылына 340 миң тоннаны түзөт.