Республика боюнча 2014-жылдын январь айы демейдегиден суук болот. Бир айдын аба ырайы тууралуу Кыргызгидромет маалымат берди.
Ага ылайык, бул айда аба ырайынын орточо температурасы 3° климаттык нормадан төмөн болушу күтүлөт.
Чүй облусунда 8°C чейин төмөндөп, кээде түнкүсүн -21°Cден -26°Cге чейин, ал эми күндүз -3°Сден -8°Сге чейин суук болушу күтүлөт.
Талас облусунда январдын орточо температурасы -4°С -9°С, түнкүсүн -15°С -20°С, күндүз -3°С -8°С болот.
Республиканын түштүк аймагында аба ырайынын орточо температурасы -3°С -8°С болсо, түнкүсүн -10°С -15°С жана күндүз -1°С -6°Сге чейин суук болот.
Ысык-Көл облусунда абанын температурасы түнкүсүн -10°С -15°С, күндүз -1°С -6°С болсо, Нарын облусунда температура нормадан төмөн болуп, аба ырайынын орточо температурасы -10°С -15°Сге барабар болот. Нарында түнкүсүн аба ырайы -25°C -30°C, күңдүз -14°C -19°C суук болот.