Баткен шаарында жаңы стадиондун курулушу башталды. Ага Футбол федерациясынын президенти, УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев катышты. Бул туурасында анын жардамчысы Өткүрбек Рахманов билдирди.
Маалымдалгандай, жаңы курулуп жаткан стадион 10 миң адамга ылайыкташтырылып, бардык шарты каралган. Жалпы аянты 100 миң чарчы метрди түзүп, мамлекеттик бюджеттин эсебинен бүткөрүлөт.
Камчыбек Ташиев стадиондун курулушу 2026-жылы бүтө тургандыгын билдирип, шарттар түзүлсө Баткенден да мыкты оюнчулар, футболисттер чыга тургандыгын кошумчалады.