Бүгүн Ош шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Алимжан Байказаковдун катышуусунда Ош шаарынын ачык жерлерине арча көчөтү эгиле баштады. Алгачкылардан болуп Ош шаарындагы М.Жиннах көчөсүнө 100гө жакын көчөт отургузулду.
“Кышында эгилүүчү арча көчөттөрдүн саны 600дү түзөт. Былтыр 1500 даана арча эккенбиз. Анын ичинен 120сы куурап калды, калганы көктөп жатат. Арча абаны тазалап, жайы-кышы жашыл болуп турат. Ошол үчүн жол бойлоруна эгүүнү туура көрдүк. Күзүндө жалбырак түшүп көчөнү булгабаганын да бааладык”,- деп билдирди А.Байказаков.
Белгилей кетсек, эгилип жаткан арчалар 5 жылдык. Алар Ош шаарына караштуу питомниктерден казылып келип жатат.