Өлкөдө акыркы учурларда өспүрүмдөр арасында бири-бирине болгон агрессия күчөдү. Ур-токмокко алган мектеп окуучулары, үстөмдүккө кабылган балдар, өлүмдөн башка жол таппаган өспүрүмдөрдүн окуясы коомчулукту бушайманга салды. Айрым учурларда ата-энелерди күнөөлүү деп эсептесе, кээ бир жагдайларды мугалимдерге оодарып салган учурлар болууда. Анын натыйжасында мектеп директорлору, мугалимдер жумуштан кол жууп калышууда.
Азырынча балдарды коргоо багытында иш алып барып жаткан тийиштүү жогорку кызматтар алдын алууга багытталган долбоорун сунуштай элек. Бул арада баягы эле мугалим менен укук коргоо кызматы ата-энелерге, камкорчуларга, балдарга түшүндүрүп убара.
Коомчулукта үрөй учурган абалдарды аз да болсо алдын алууга салым кошуп, балдарга жардам болсун деген ниетте психологдордон кеңеш уктук. SUPER.KG порталынын бүгүнкү маектеши психолог Миргул Сатимбаева болмокчу. Жатак мектептердин биринде балдарга психологиялык жардам берип келе жаткан адис менен болгон маекке көңүлүңүздөрдү бурабыз.
– Буллинг дегенде эмнени түшүнөбүз? Аны баладан кантип байкоого болот?
– Буллинг деген сөздү акыркы учурда эле колдонбосок, ал жат сөз. Көпчүлүк ата-энелерге тааныш эмес. Андыктан жалпак сөз менен алганда – адамдын кайра-кайра жазалануучу, зомбулуктагы жүрүм-турум аркылуу жапа чеккен процесс. Адамдын психологиялык жана физикалык абалында көйгөйлүү сезимдери болот. Буллинг негизи башка адамдардын агрессивдүү мүнөзү аркылуу келет. Сөз жана ур-токмок менен балага көрсөтүлүп жаткандагы жаза.
Буллингге адамдардын чоң-кичинесине карабай кабылышы мүмкүн. Буллинг төрт багытта каралат.
Мындай басмырлоого кабылган балдарда көп өзгөрүү байкалат:
– Алдын алууда жалгыз ата-энеге же камкорчуга таштап коюуга мүмкүнбү? Мектеп, тарбия берүүчү мекеме, тийиштүү мамлекеттик кызматтар кантип жардам кыла алат?
– Баланын эң негизги жардамчысы ата-эне, айрыкча энеси. Аял киши сезимтал келет эмеспи. Баланын кылык-жоругу, баскан кадамы, жүрүм-туруму өзгөрсө, же мугалим байкап калып, ата-энеге айтса, көңүл кош мамиле кылбаш керек. Экөө биргеликте иш алып баруу кажет. Балага эмне керек болуп жатат, биргеликте отуруп сүйлөшүп, түшүндүрүү зарыл. Бул убактылуу нерсе болушу мүмкүн. Бирок түшүнүксүз сезимдер ичин каптап алган бала үчүн оор.
Балким, ал кызыккан ийримдер бар, мүмкүнчүлүк болсо алып барсын демекмин. Сөз чеберчилигин, ар улуттун тилин үйрөнсүн. Спорт менен машыгууга көмөк көрсөтүү керектелет. Сезимдерди тынчтандырууга, буллингдин кесепетин жоюуга булар чоң жардам берет.
Ата-энелер бала менен биргеликте убакыт өткөрүүнү адатка айландырсын. Киного же тамактануучу жайга алып барып, оюн-зоок жайларында бирге ойноп. Бала өзүн керек экенин билсин. Ур-токмок, кемсинтүү, ага карата кыйкыруу менен маселени чечип коюу мүмкүн эмес.
Мугалимдер дагы байкап жаткан нерселерин айтып-деп, классташтары, достору менен сүйлөшүп, балким, ата-энелерин чакырып түшүндүрүү иштерин жүргүзүп туруу зарыл.
Эгерде мамилени дагы өөрчүтөм десе, баланы туңгуюктан алып чыгуу үчүн атайын адистерге кайрылуу керек. Психологдор баланын ички ойлорун чечип берүүгө жардамчы болот. Өспүрүм курактагы бала деген кесип ченебей чечип турган убак. Алдын алууга эртерээк камыналы.
– Буллингдин кесепети суицидге жеткиреби? Суициддин белгилери кандай?
– Албетте, адам баласында күндөн күнгө кысым көбөйүп, түнт абалдан чыга албаган учурлардын кесепети оор көрүнүшкө алып келиши мүмкүн. Бала үйдөн качып, жалган маалыматтар менен өзүн, анан айланасындагыларды жоошутуп, өзүнө кол салып баштаган болсо, анда аны куткаруу керек. Дагы деле жогорудагы айтылган кеңештерди сунуштайм.
– Балдардын өзүнө кол салып жаткандыгын, буллингге кабылгандыгын, агрессивдүү кадамдарын айрым учурларда миграция менен да байланыштырып келет. Буга кандай карайсыз?
– Бул аябай чоң тема. Социалдык көйгөй. Баланы жат адамдарга таштап кетиштин өзү бир чоң жарака. Мындай балдар мектепте эле буллингге кабылат деп кепилдик бере албайбыз. Алар жакындарынан, алардын балдарынан кемсинтүүнү угуп, баарын топтой баштайт. Баары бирдей дегенден алысмын, бирок көпчүлүгү. Андай тарбияны көрүп жаткан балдарды мен чатыры жок үйгө окшоштурам. Жаан тийип, каар тийип кирпичи эзилип кетет го, баланын ички сезими да, ошондой жанчылып жатат дегим келет. Мен жатак мектепте иштегендиктен, балдардын алыстагы ата-энелери менен сүйлөшүп турам. Айрым учурларда кел деп ишарат кылсам, барганда материалдык жагымды ким каржылайт деген жооп алам. Мындай учурда бала зат сыяктуу күнүмдүк көйгөйдөн кийин туруп калганын сезип, зээним кейийт.
Антейин десең ата-энеси жанында туруп аларды көрбөй чоңоюп жаткандар да арбын. Ата-эне эртең менен кетет, кеч келет. Бала жылуу үйдө, тамагы бар, телефон менен камсыздалган, Wi-Fi орнотулган, демек, баары жакшы деген үй-бүлөлөр да бар. Аларга балдарыңарга кызыккыла, алардын сезимдерин уккула демекмин. “Балам жанымда, бирок аны жоготтум” деген жашоодо жашап жатабыз да. Ушинтип ыйлактап келгендер да жок эмес.
– Буллингге, зордук-зомбулукка, суицидге интернеттин же тасмалардын кандай таасири бар?
– Интернет тасмалар балага өтө чоң таасир берет. 18ге чейинки балдарга чектөөлөрдү коюу да маанилүү. Тарбияны ата-энеден эмес, дүйнөдөн алып калып жатат. Тасмадан, социалдык түйүндөрдөн, оюндардан, айтор, кайсы багыт болбосун бала ар бир кыймылды бат кабыл алат. Ички туюмдагы адреналиндер адамга тынчтык бербейт, аны колдонуп көрүүнү каалайт. Ал эми агрессивдүү балага ал кошумча курал болот.
– “Мурун бизде өткөөл курактагы кризис”, деген жок эле деп көп угам, же кээде теңтуштар да айтып калышат. Мурункулар менен азыркы замандын жаштарын кантип салыштырабыз?
– Бир айдан бери буллинг боюнча түрдүү талкууларга катышып жатам. Мурунку заман, азыркы заман деген сөздөргө ар тараптуу көз караштарды айттык, жоопторду уктум. Мен айтайын дегеним, илгертен эле өткөөл курактагы кризис, буллинг болуп келген. Аны айлана-чөйрө замандын агымына жараша кабыл алышкан. Биздин учурда табият менен мамилебиз көп болгон. Көчөгө чыгып таш, кум, кар менен ойноп убакыт өткөрчүбүз. Азыркы балдар заман талабына жараша башкача. Телефон менен болуп жатып, ата-эне менен баланын ортосунда чоң ажырым пайда болуп калгандай. Жыныстык тарбия, үй-бүлөлүк баалуулук дегенди биз ачык үйрөтүшүбүз керек. Буйрук берүү, тыюу аркылуу эмес, сүйлөшүү аркылуу. Жөнөкөй сүйлөшүү менен баланын ишенимин алабыз. Сага таябынып ички сезимдери менен бөлүшө баштайт. Ошондо азыркыдай жүрөк үшүн алган окуялар аз болот.
– Миргүл айым, маегиңизге ыраазычылык! Сиз берген кеңештер кайсы бир деңгээлде коомчулукка жардам берет деген үмүттөбүз.