АКШнын бийлиги Орусияга каршы санкцияларды дагы бир жылга узартты

АКШнын президенти Дональд Трамп Орусияга каршы бир катар санкцияларды дагы бир жылга узартты. Бул туурасында чет элдик басылмалар жазышууда.

Маалымдалгандай, кеп 2014-жылы АКШнын 44-президенти Барак Обама, 2018-жылы мурдагы президенттик мөөнөтүндө Трамп өзү жана 2022-жылы 46-президент Жо Байден киргизген чектөөлөр жөнүндө болуп жатат.

Айта кетсек, буга чейин Трамп Министрлер кабинетинин биринчи жыйынында Украинадагы согуштук аракеттер аяктагандан кийин АКШ Орусияга каршы санкцияларды алып салууга даяр экенин билдирген. Январда президент эгер өлкө бийлиги Украина боюнча сүйлөшүүлөргө макул болбосо, АКШ жаңы санкцияларды киргизиши мүмкүн экенин кошумчалаган.

Белгилей кетсек, ушул аптада Евробиримдик Орусияга каршы санкциялардын 16-пакетине макулдук берди. Буга чейин АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио эгер АКШ санкцияларды алып салса, Европа да аларды алып салууга аргасыз болорун айткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан