Америкалык Business Insider порталынын версиясы боюнча Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаевдин жубайы Сара Назарбаева дүйнөдөгү 16 эң өзүмчүл лидерлердин аялдарынын тизмесине кирди. Ал эми New York Times гезитинин сайты Нурсултан Назарбаевди 2013-жылдагы Азиядагы эң начар диктаторлордун катарына кошту.
“Ар бир улуу эркектин артында улуу аял турат. А диктатордун артында ким турат? Илгертен бери көпчүлүк диктаторлордун аялдары коррупция менен элдешип, саясий окуяларга көнүгүп, көбүнчө күндөшү менен катар жашоого туура келет. Айрым лидерлердин аялдары, Руанда лидеринин аялы Кагаме Жаннеттей болуп кайрымдуулук иштери менен алектенсе, башкалары Башар Асаддын аялы Асма Асадга окшоп Instagram желесине өзүнүн жылмайып түшкөн сүрөттөрүн жүктөө менен чектелет”,- деп жазылат маалыматта. (Сүрөттө Асма Асад).
Сара Назарбаева макалада иш билги инженер, “Бобек” эл аралык уюмунун негиздөөчүсү жана президенти катары сөз болот. Нурсултан Назарбаев болсо сөз эркиндигин чектеп, Казакстанды коррупцияга батырып, өлкөсүн 20 жылдан ашык убакыттан бери башкарып келе жаткан диктатор катары сүрөттөлөт.
16 диктатордун аялдарынын ичине Иордания падышасы Экинчи Абдаллы Ибн Хусейндин аялы Рания Абдулла да кирди. Ал балдарга зомбулук көрсөтүүгө каршы жана билим берүү тармагында иш алып барган укук коргоочу катары белгилүү. Тизменин ичинде Өзбекстандын президенти Ислам Каримовдун аялы Татьяна Каримова, Түндүк Кореянын лидеринин аялы Ри Соль Чжу жана башкалар бар.
Орусиянын президенти Владимир Путин “дүйнөдөгү эң коркунучтуу бойдок лидер” деп табылды.
Asianhistory.about.com сайтынын версиясы боюнча Нурсултан Назарбаев “Азиядагы эң начар диктаторлордун” катарына кирип, артынан санаганда экинчиде турат. Акыркы орунду Өзбекстандын президенти Ислам Каримов ээледи.
“Назарбаев 1990-жылдан бери Казакстандын алгачкы жана жалгыз президенти. Анын жеке банктык эсебинде 1 миллиард доллардан ашык каражат бар. Amnesty International сайтынын маалыматы боюнча Назарбаевдин оппоненттери көбүнчө камалып же талаа-түздө каза табат. Казакстандын ички күчтөр коопсуздугун, куралдуу күчтөрүн жана сот системин Назарбаев жеке өзү көзөмөлдөйт. Анын жакын арада бийлигин башкага өткөрүп берүү ою жок. Акыркы президенттик жарышта шайлоочулардын 95,5 пайызынын добушун алып жеңүүчү болгон”,- деп жазылат макалада.