Орусиядагы мигранттар жумуш күнүнөн кийин түнкү клубда эс алышат

Акыркы күндөрү Орусиядагы мигранттардын жашоосу мамлекеттик деңгээлде талкууга алынып жатканы белгилүү. Турмуштун айынан кыйын шартта иштеп жаткандардын жашоосу көпчүлүктү кайдыгер калтырбайт өңдүү. Дегеним, орусиялык маалымат каражаттарынын бири мигранттардын эс алуучу жайлары тууралуу жазып чыккандан кийин, социалдык тармактарда кызуу талкууга алынууда.

Мигранттар Орусияда өздөрүнүн жеке клиникасынан тарта түнкү клубдарга чейин ачканы тууралуу айтып, “орустар аталган клубдарга экзотиканы көрүү үчүн гана барышы мүмкүн. Бир нече жыл мурун жөнөкөй эле жайды Шаархан Айдарова сатып алып, клубга айланткан" дешкен.
Ал эми алтындарды тагынган айым "биз баарына кубанычтабыз. Клубдун эшиги каалагандар үчүн ачык" деп журналистке маек берген.
Мындан сырткары эс алуучу жайлар тууралуу жарнактар мигранттардын гезиттеринде жарыяланып турарын кошумчалашкан.
"Кел-Кел" ресторанына келген кыргыз кыздары бул жерде жердештери менен жолугуп, бийлеп, кальян тартып, сүйлөшүүгө мүмкүнчүлүк болорун айтышкан.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан