Учурда коомчулукта Ош шаарынын мэрин шайлоодо шаардык кеңеште кворум болбой калышы мүмкүн деген пикирлер айтылып жатат. Бирок муну "Адам укугу жана демократия борборунун" директору Идирис Кубатбеков четке кагат.
Айтымында, мындай пикир айтууга азырынча эрте. Эгерде шайлоого шаардык кеңештеги депутаттардын үчтөн эки бөлүгү 3 жолу сессияга келбей коюп мэр шайланбай калса, анда мыйзам боюнча Ош шаардык кеңеши таркашы керектигин билдирет ал. "Ош шаардык кеңеши таркаса, анда учурдагы шаардык кеңештеги партиялардын кайрадан шайлоо аркылуу шаардык кеңешке келиши кыйын. Экинчиден каржы маселеси бар. Ошондуктан учурдагы депутаттар шаардык кеңештин таркалышына кызыкдар эмес",- дейт Кубатбеков