Абхазиядагы президенттик шайлоонун экинчи айлампасында ок атышуу катталды (видео)

Абхазияда президенттик шайлоонун экинчи айлампасы өтүп жаткан маалда беткап кийген кылмыштуу топ шайлоо участкаларынын бирине кирип, укук коргоо кызматкерлерине ок чыгарган. Бул туурасында Mash телеграм каналы кабарлады.

Маалымдалгандай, кол салгандар урналарды талкалап, шайлоочуларды жана шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүн коркутуп, унаалар менен качып кетишкен. Полиция кылмышкерлерди кубалап барганда, аларга карата ок чыгаргандыгы айтылат.

Кошумчалангандай, кол салгандардын айрымдары кармалса, жарымы качып кетүүгө үлгүргөн. Президенттикке талапкер Бадра Гунбанын штабы кол салгандар оппозициячыл Адгур Ардзинбанын адамдары экенин билдирди.

Тергөө комитети “Терроризм” беренеси боюнча иш козгоду.

Белгилей кетсек, 16-февралда Абхазияда өткөн президенттик шайлоодо бир да талапкер керектүү добуш албаган. Андыктан экинчи шайлоо өнөктүгү дайындалган. Ага бул ирет эң көп добуш алган эки талапкер: Адгур Ардзинба жана Бадра Гунба катыша тургандыгы айтылган.

Абхазиядагы президенттик шайлоонун экинчи айлампасында ок атышуу катталды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан