Чет элдик маалымат каражаттары кабарлагандай, Орусиянын президенти Владимир Путин жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө 2-3 айдын тегерегинде 80ге жакын миграциялык борборлорду ачууга тапшырма берди. Эми Орусияда депортацияланган мигранттар лагерлерге жайгаштырылат.
Маалыматка ылайык, буга чейин эле аталган өлкөдө миграциялык борборлорду ачуу пландалган. Бирок тиешелүү мамлекеттик кызматтардын даярдыгы жоктугунан токтоп турган.